ИИМдин тергөө кызматына мыйзамсыз аракеттердин аныкталган фактылары боюнча ыкчам кызматтардан маалымат келип түшкөн,- деп билдиришти ИИМден.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.
Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.
![7fef63c4 2951 4082 bd80 84357711161e ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/7fef63c4-2951-4082-bd80-84357711161e-1200x900.jpeg)
![04230bba b2e4 47c3 a5e2 8d58e603407f ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/04230bba-b2e4-47c3-a5e2-8d58e603407f.jpeg)
![1260e366 292c 428b 9e55 7ada3bcd5349 ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/1260e366-292c-428b-9e55-7ada3bcd5349.jpeg)
![9e214a50 b848 459e bb0c 6be1e5359eac ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/9e214a50-b848-459e-bb0c-6be1e5359eac.jpeg)
![1e61c845 c81e 4085 8254 d38eaa8cf879 ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/1e61c845-c81e-4085-8254-d38eaa8cf879.jpeg)
![07395bbb a56e 4524 81a9 a75e4082a70a ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/07395bbb-a56e-4524-81a9-a75e4082a70a-1200x675.jpeg)
![3c9e7f22 dc14 49c1 a759 6d40d57e2d52 ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/3c9e7f22-dc14-49c1-a759-6d40d57e2d52.jpeg)
![fb695890 2072 49c3 ad29 ed6d010fd944 ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/fb695890-2072-49c3-ad29-ed6d010fd944.jpeg)
![c5b76a79 605a 4b39 b30d 4f2a2344e92f ВИДЕО: 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/c5b76a79-605a-4b39-b30d-4f2a2344e92f.jpeg)