Кечки саат бештен баштап, түнкү саат экиге чейин жанагындай ызы-чууда жүргөн жаның, таң атканча уктай албай, албарсты басып чыкканычы!… Эртеси жумушка баргың келбей, барсаң да, иштегиң келбейт! Мындай пикирин Күмөндөр Абылов билдирип, тойлордун убактысын кыскартууну сунуштады.
“Урматтуу замандаштар! Ардактуу ФБдагы достор! Мен силер менен көптөн бери эле, бир маселе жөнүндө ой бөлүшүп, силердин талкууңарга салгым келип жүрөт. Мен бул оюмду тээ, Түгөлбай Казаков агайыбыз маданият министри болуп турган кезде эле, а кишиге оозеки да, кат түрүндө да кайрылып айткан элем.
Азыр, көп кишинин жашоосу той менен өтүп, той менен оокат кылып жатышпайбы. Кафе, ресторандар баштап, мал сатканы, нан сатканы, гул сатканы, конфет, арак, суусундук саткандардан бери, ырчы-чоорчу, тьамада, официант, таксисттер ж.б. баары тойдун арты менен жан багышат эмеспи. Негизи, тойдон Кудай айрыбасын! Той жакшы да!… Мурда тойдун сезону күзүндө башталса, азыр жылдын баардык мезгилинде, мурда алтынчы, дем алыш күндөрү эле болсо, азыр баардык күндөрдө болуп жатканы, элдин жашоо-турмушунун оңолуп бара жатканы болсо керек? Ошентсе да, тойду өткөрүү тартиптерин шартка жараша өзгөртпөсөк болчудай эмес! Азыр саат бешке чакырылган той, жетиде башталат да, он экиден өтүп, бир, экиге чейин барып бүтөт. Элдин баары армияга барып ант берип жаткансып, бири айткан тосту баары кайталап, анан мас болуп алып, ой-тоону ырдап киришет. Ырынын узактыгын айтпа! Беш куплет, кайырмасы да бар, анан да, аябай жай ырдала турган ыр! Же бир, туура эле ырдасачы! Тондон чыгып, кулакты көзөйт го, чиркин!… Анан, аягын алты кайталап, бутмөгү да тозок!… Ал аз келгенсип, тамадалар жаттап алган акылдуу сөздөрүн тиешеси бар жерде да, жок жерде да айтып туруп алганда күйөсүң!… Биринчи класстын окуучусундай болуп, тааныштар алыстан баш ийкешип, кол алышып акыбал сураша албай олтурасың… Оюн ойнотом дешип, оюнга катышкандарды келекелеп, айылдан келген конокторго тосту жөн бербей, басмырлап, басым-кысым көрсөтүп, ар кандай ыңгайсыз акыбалга кептеп, алардын сүйлөгөнүн туурап, байкуштун мурдун тердетип, шылдындап тургандары кандай гана жагымсыз учурлар!…. Өзгөчө: “Ушунчалык жапайы эл экен деп айтат” – деп, чет өлкөлөрдөн келген коноктордон уяласың!… Кечки саат бештен баштап, түнкү саат экиге чейин жанагындай ызы-чууда жүргөн жаның, таң атканча уктай албай, албарсты басып чыкканычы!… Эртеси жумушка баргың келбей, барсаң да, иштегиң келбейт!
Мен буларды айтпасам да, баарыңар билесиңер. Мен мурда, бара-бара тойлор да оңолуп, өз нугуна түшөт дечү элем. Андай болчудай эмес. Ошондуктан, депутаттарыбыз баары жоктун баарына эле, мыйзам чыгарышат, Менин оюмча тойго да: “Үч сааттан ашпасын” – деген мыйзам чыгарып коюшса дедим эле!…
Андай болсо, тост сүйлөгөндөр да токтомок. Мисалы: Саат бешке чакырылгандар алтыга чейин чогулганча, фойедеги атайын: “Белектерди кабыл алуу” – деп уюштурулган жерге барышып, кошумчаларын, конверттерин берип каттатып, журналына кол коюп, банердин алдындагы камерага барышып, каалоо-тилектерин жаздырып, видеого түшүшүп, бокалдарын кагышып коюшса!… Анан үстүнө чыкканда, тамаданын он беш, жыйырма мүнөттүк театралдаштырылган программасын көрүшсө, анан аксакалдын сөзүн угуп, той ачылса. Андан кийин эч ким тос айтпай, элдер бири-бири менен эркин учурашып, ырчылардын ырын угуп, жиниккенче бийлеп, ызы-чууну сүйбөгөндөр алдынкы этажга түшүп, суусундук ичип отура турушуп, анан эт жеп алышып, үч саатта тарап кетишсе, кандай гана сонун болоор эле?!… Саат ондо үйүнө барган киши, жакшы эс алып, эртеси жумушуна да жакшы барып, жакшы иштээр беле? Байкап көрсөк, “үч саат” көп эле убакыт. Куран окуткан жерде бир саат, бир жарым сааттын ичинде биринчи, экинчиси, этиненен өйдө тамактарын жеп-ичип, көптөн бери жолукпагандар менен чер жазыла учурашып, сүйлөшкөнгө жетишебиз го?… Бул эми, менин гана оюм. Кандай өткөрүүнү менден кыйын билгендер толтура. Бирок, эң негизгиси, убактысы үч сааттан ашпаса!… Кандай дейсиздер?…”, – деди Абылов.