“Титан” кемесинин сыныктары жана болжолдуу түрдө адамдын сөөктөрү табылды

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы Атлантика океанына чөгүп кеткен “Титан” кемесинин сыныктарын жана болжолдуу түрдө адамдын сөөктөрүн табышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Батискафтын калдыктары Канаданын Сент-Джонс шаарынын портуна жеткирилген. АКШнын Жээк коопсуздук кызматы белгилегендей, медицина кызматкерлери адамдын сөөктөрүн изилдешет.

Титандын кыйрашын иликтөө боюнча комиссиянын жетекчиси Жейсон Ньюбауэрдин айтымында, эксперттер “мындай окуя кайталанбашы үчүн суу астындагы кеменин трагедиялуу өлүмүнө алып келген факторлорду түшүнүү үчүн олуттуу иштерди жасашы керек”.

Эскерте кетсек, Атлантика океанында чөккөн “Титаник” кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кеме 19-июнь күнү байланышка чыгууну токтоткон.

Төрт күн бою издөө-куткаруу иштери жыйынтык бербей, анын калдыктары табылып, экипаж мүчөлөрү каза тапканы кабарланган.

Чөгүп кеткен кемеде беш адам болгон. Бул британиялык миллиардер, учактарды сатуу жана эксплуатациялоо боюнча Action Aviation компаниясынын жетекчиси Хамиш Хардинг. Ал белгилүү экстремал. Бир жыл мурун космоско учуп, 2021-жылы 11 миң тереңдиктеги Мариана чуңкуруна чумкуган.

Аны менен бирге аталган кемеде Пакистандагы эң бай адамдардын бири – 48 жаштагы Шахзада Дауд жана анын 19 жаштагы уулу Сулейман болгон. Пакистандык миллиардер жер семирткичтерди жана тамак-аш азыктарын чыгарган корпорацияны жана британиялык Prince’s Trust кайрымдуулук уюмун жетектейт.

Алардан сырткары, аталган туристтик кеме таандык OceanGate компаниясынын башкы директору 61 жаштагы Стоктон Раш болгон жана ал батискафты өзү башкарган.

Кеменин бортунда 77 жаштагы француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наржоле да болгон. Ал гиддин ролун аткарган.