2022-жылы Орусиянын Юстиция министрлиги 188 адамды жана уюмду чет элдик агент деп таап, “тыңчы” тобуна киргизген. Былтыр декабрь айында эле “чет элдик агенттер менен байланышы бар” деген тизмеге 861 киши кошулган. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
“ОВД-Инфо” басылмасы чет элдик агент деп таанылгандардын көбөйүшүн Орусиянын бийлиги тууралуу терс маалыматтардын көбөйүшү жана Украинадагы согуш менен байланыштырды.
Орус бийлиги “чет жактын таасири бар” делген каалаган адамды чет элдик агент тизмесине киргизип коюшу мүмкүн. Ушул тапта бул реестрде 400гө жакын “чет элдик агенттер” бар. Аларга жеке адамдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жана ар кандай кыймылдар кошулган. Алар каражаты тууралуу квартал сайын отчет берип турушу керек.
Кыргызстанда да депутат Надира Нарматова баштаган депутаттар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат.
“Адилет” укуктук клиникасы ал “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган.
Бир катар жергиликтүү жана эл аралык беделдүү уюмдар кыргыз бийлигин документти четке кагууга чакырып келет.
Орусия “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамды 2012-жылы кабыл алган. 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияда бул мыйзам дагы катаалдаштырылып, коммерциялык эмес уюмдар менен медиалардан сырткары жеке адамдар “чет элдик тыңчы” катары атайын реестрге киргизиле баштаган.