Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга айыпталган журналист Зулпукар Сапанов акталды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Белгилүү болгондой, Зулпукар Сапановго 2016-жылы чыгарган «Кыдыр санжырасы» аттуу китеби үчүн аталган берене боюнча айып тагылган.
Ал 2017-жылы 12-сентябрда Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү табылып, 4 жылга абакка кесилген. Ошол эле жылы 29-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Сапановду эки жылга шарттуу соттогон жана журналист камактан бошотулган.
2022-жылы июнда Жогорку сот мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.
Райондук сот быйыл 29-майдагы өкүмү менен Зулпукар Сапановду актаган.