
Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин жаңы баяндамасында жазылган.
Былтыр бул убакытта вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.
Жалпы вирустук гепатит оорусуна кабылган 1 364 адамдын 1 255и илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Былтыр төрт айда бул көрсөткүч 654 учурду гана түзгөн.
Гепатитке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна (34,3%), Баткен облусуна (32,4) жана Ош шаарына (25,4) туура келет.
Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат.