Кыргызстан менен Кытай эки сериал тартуу тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Макулдашууларга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Министрлик Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd компаниясы менен «Жибек жолунун алыскы шамалы» жана Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. компаниясы менен «Бишкек сүйүүсү» сериалын биргелешип тартуу боюнча макулдашкан.