«Улуттук электр тармактары» ААКсынын Директорлор кеңешинин чечими менен анын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.
Ушул жылдын 12-майынан тартып «Улуттук электр тармактары» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Кожобек Рыспаевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Ал берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган.