Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды

Генерал-полковник, Улуттук Гвардиянын мурдагы колбашчысы Абдыгул Чотбаев Бишкектин мэриясы тарабынан берилген үйдөн убактылуу чыгарылды.

Мэриядан билдиришкендей, 2009-жылы Чотбаевге Жибек-Жолу проспектисинен жашаганга турак үй бөлүнүп берилген. Бирок ал бөлмө соода түйүнү катары пайдаланылып, эч ким жашаган эмес. Ал батир велосипед саткандүкөн катары колдонулуп жаткан. Анын аянты 90 чарчы метрди түзөт.

Батирди бошотууга мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов катышкан.

«Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган жай Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү», — деп билдирет мэрия.

347395991 857003442508063 4522508726235312799 n Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды
347263134 6346068645415079 1357364509283641721 n Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды
347404687 804267294544385 847946246703316776 n Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды