Канат Бегалиев кызматка дайындалды

Канат Бегалиев “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин” директору болуп дайындалды. Бул тууралуу дене тарбия департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жөнүндө» жобого ылайык, Бегалиев Канатбек Кубанычбекович Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Канатбек Бегалиев Олимпиада оюндарынын байге ээси, Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, Азия чемпиону.