Маевкада 150 ит баккан аял кошуналарына ыңгайсыздык жаратууда


Аламүдүн районуна караштуу, Маевка айылындагы аял киши 150 ит багат. Бул жагдай кошуналарына ыңгайсыздык алып келгенин 7-канал билдирди. Маалыматка ылайык, кошуналары жагымсыз жыт, ызы-чуудан арылбай келишет.

«Ал жалгыз бой жашап келет. Кошуналары анын үстүнөн арызданганына карабастан эч кандай чара көрүлгөн эмес, Жакын жашагандар эч жакка кете албастыгын айтышат. Ал эми иттердин ээси ага мамлекет жер бөлүп берсе, көчүп кетээрин айтты»,-деп айтылат маалыматта.

YouTube video