Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн “Мекен-картка” документтерди кабыл алуу башталды.
Макамга ээ болгондор Кыргызстандагы шайлоолорго катыша албайт жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Калган укуктардын баарын колдоно алат деп айтылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Мекен-карт» макамын алууну каалагандар чет жерлердеги Кыргызстандын элчиликтери, консулдуктарга кайрылса болорун билдирүүдө. Ушу тапта Кыргызстанда жүргөн мекендештер калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алат.
Мекеме «Мекен-карт» макамын алууну каалагандардан документтерди кабыл алууну 13-мартта баштаган. Мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет жердин жарандыгын алгандар үчүн иштелип чыккан долбоор боюнча документ эки айдын ичинде берилет.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коңшу Орусияга чыгып, бул өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев өткөн жылдын сентябрь айында айткан.
Чет жерде жашап, иштеген кыргызстандыктар болсо бир миллион 200 миңге жетет, алардын бир миллионго жакыны Орусияда.
“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:
- Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;
- Уруксат албай эле иштөөгө;
- Билим алууга;
- Медицина кызматын колдонууга;
- Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;
- “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу.
Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.
«Мекен-картты» башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын түгөйлөрү да ала алышпайт.
Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт.
Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат. Ошол эле кезде мындай макамы бар мекендештерге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, шайлоого катышууга болбойт.
Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.