
Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.
Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү таштанды басып, кароосуз калган 8063 чарчы метрди түзгөн сквер реконструкциядан өткөрүлөт.
Мэриядан белгилешкендей, аталган эс алуу жайга фонтан, тротуарлар курулуп, отургучтар, жарыктандыруу орнотулат.