
Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, наристенин жакындары өлүмдүн себептерин жашырып жатышат.
“Алар милицияга кабарлашпай, баланы дароо жерге беришкен. Каза болгон 3 жашар наристенин атасы Москвада, апасы туугандарыныкында болгон. Баланын чарчап калышына мүмкүн апасынын туугандары себептир”, – дейт укук коргоочу.
Ал эми Ош ШИИБден бул маалымат текшерилип жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин белгилешти.