Аялы менен алты айлык баласын сабаган адам эки айга камалды

Бишкектин Свердлов райондук соту аялы менен алты айлык баласын катуу сабаган деп шектелип жаткан 35 жаштагы шаар тургунун 26-апрелге чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкектин жашоочусу арыз менен кайрылганын кабарлаган. Анын айтымында, күйөөсү мас болуп келип, алты айлык баласы экөөнү катуу сабаган.

Милициядан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.

«Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда», – деп кабарлады Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.