
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түшүп, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолун бууп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жолдун 1-4-чакырымында кар көчкү (көлөмү 7 миң 725 м3) түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.
Учурда жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.