Президенттин маалымат катчысы 2021-жылы  761,9 миң сом киреше тапкан

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тапшырган декларацияга ылайык, 2021-жылы ал 761,9 миң сом киреше тапкан. Анын 2021-жылдагы бир айлык кирешеси 63,4 миң сомду түзгөн.

Андан тышкары ал декларацияда Lexus GX470 жана Toyota Camry унаалары бар экенин көрсөткөн.

Ал эми анын жакын туугандары 350,2 миң сом киреше тапкан.