
Бүгүн, 23-декабрда КР Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында Мекен үчүн курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында сүрөт көргөзмө уюштурулду.
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов жана шейит кеткен жоокерлердин ата-энелери катышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов шейит кеткен баатырлардын эрдиктери ар дайым эскерилип, мектеп программаларына киргизилип, документалдык тасмаларга түшүрүү керектигин айтып, учурда сериал тартуу боюнча иштер башталганын кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда чек ара жаңжалынан кайтыш болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлүп берилди.