Улан Ниязбековдун атынан милициянын жаш досу Бейшенбек белек алды

2022-жылдын 16-декабрь күнү Ош облусунун милиция кызматкерлеринин саптык кароосу өттү. Анда Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан милициянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, милициянын формасын кийип жүргөн тогуз жаштагы Бейшенбек Эсеевге жаӊы жылдык майрамга карата белек катары уюлдук телефон тапшырылды.
Өткөн жумада Бейшенбек Эсеев ички иштер министрине кат жолдоп: «Мен дагы Сиздерге кошоп келечекте милиция кызматкери болгум келет. Ата Мекениме кызмат кылгым келет. Мага ата-энем атайын форма да тиктирип берген.

WhatsApp Image 2022 12 16 at 12.44.15 Улан Ниязбековдун атынан милициянын жаш досу Бейшенбек белек алды

Мен азыр төртүнчү класста окуймун! Мени Ош облустук жана Ош шаардык милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Мен ар дайым милиция уюштурган иш-чараларга активдүү катышып келем. Милицияда иштегендердин баарына ийгиликтерди каалайм жана жаңы жылда министрдин акыл-насаатын, белегин алгым келет”,-деп кат жолдогон.

WhatsApp Image 2022 12 16 at 12.44.16 Улан Ниязбековдун атынан милициянын жаш досу Бейшенбек белек алды


Бейшенбек Эсеевге Улан Ниязбеков куттуктоо жолдогонун, келечекте кыргыз эли сыймыктанган милиция кызматкери болуусуна тилектештигин, жакшы окуп, жакшы тарбия алышын жана Мекенибиздин билимдүү, эл керегине жараган мыкты жигиттерден болушуңду министр мырза каалап, белегин берип жиберди,- деди Жеӊишбек Абитов жаңы жылдык белекти тапшыруу учурунда.