
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жергиликтүү милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн менен биргеликте жол коопсуздугун сактоо максатында 2022-жылдын 15-декабрынан 18-декабрына чейинки аралыкта “Бахус” иш-чарасын өткөрүүдө.
Бир күндүк иш-чарада Кадамжай район аймагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 24 протокол түзүлүп, анын ичинен спирт ичимдигин ичкен 2 айдоочу, тиешелүү документтери жок 4 айдоочу аныкталып кармалып, айдаган унаалары айып төлөөчү жайга токтотулду.


Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы