Тизмедеги министрлер кабинетинин бир дагы орун басары жок экен. Бул тууралуу депутат Алишер Козуев бүгүн, 14-декабрда парламент жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып жатып билдирди.
Бүгүн эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы абанын сапаты тууралуу тиешелүү жетекчилердин маалыматын укмак.
«Министрлердин ичинен Гүлнара Маришовна (ред. Саламаттык сактоо министри) рахмат, сиз гана келдиңиз. Динара Алиевна (ред. Жаратылыш ресурстар министрлигинин башчысы) келген жок, анын орун басары келди. Ал кызматка жаңы эле дайындалган, толук жооп бере албайт. Мэр жок. Министрлер жок, орун басарлары жиберилди. Эртең менен министрлер келсин деген талапты койгонбуз», – деди депутат.
Сыдыгалиевдин айтымында, Бакыт Төрөбаев чет өлкөдө, Эдил Байсалов да жок.
«Эртең менен мэр Эмилбек Абдыкадыровду да чакырыш керек деген сунуш берилген. Жогорку Кеңештин балдары телефон чалса келбей турганын айтып, орун басарын жөнөттү», – деди ал.