Фактчек: “Вечерка” менен бир катар басылмалар маалыматты бурмалоодо

Декабрдын башталышы менен бир катар басылмалар “АКШ жакын арада ММКлар аркылуу Кыргызстанга суук колун салып кирип келет” деген аталышта материалдарды жайгаштырды. Bulak.kg сайты бул макаланы карап чыгып, жалган жана манипуляциянын бир нече мисалын тапты.

Белгилей кетсек, аталган провокациялык материалдын орус тилиндегиси төмөнкү булактарда чыкты:

  1. “Вечерний Бишкек”
  2. Stanradar.com
  3. Sayasat.kg

Ал эми кыргыз тилиндегиси төмөнкү ресурстарга жайгаштырылган:

  1. Nazarnews.org
  2. Вечерний Бишкек
  3. Sayasat.kg

Эске салсак, медиасынчылар бул маалымат булактарын бир эмес бир нече жолу жалган маалымат жана манипуляцияда байкаган. Ошондой эле, алар КРнын журналистинин Этикалык кодексин да сактабай турганы белгиленген.

Бул публикация менен соцтармактарда активдүү бөлүшүп, кыргыз тилиндеги видеоверсиясы “Акыркы Кабарлар-Санжар Калматай” (1.8 млн катталуучу) жана КалемПир ТВ (505 миң катталуучу) YouTube каналдарына жайгаштырылган. Буга чейин журналисттер “КалемПир ТВнын” администратору, блогер Төлөгөн Атамбеков продакшн менен алектенип, өз каналында президент Садыр Жапаровдун камчысын чаба турганын аныкташкан.

YouTube video

Материалдык негизги тезистерин карап көрөлү:

  1. “Ушул жылдын октябрында АКШнын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (USAID) “Медианын (Медиа-К) көз карандысыздыгын колдоо демилгеси” аталышындагы беш жылдык долбоорун жыйынтыгына чыгарды. “Белый парустун” маалыматында, бул долбоордун алкагында америкалыктар Кыргызстандагы 12 ЖМК жана БӨУну (бейөкмөт уюмдар) каржылады. Алар («НТС», «TV1KG», «Клооп.Медиа», «Кактус.Медиа», «ПолитКлиника», «Салам Радио», «24.kg», «Говори ТВ», «Марал ТВ», «Элгезит», «Любимый ТВ» жана БӨУ «Институт медиа полиси»). АКШ жалпысынан бул максатка 10 миллион 650 миң доллар бөлгөн”.

Белгилей кетсек, USAID тек гана жергиликтүү ЖМК менен эле эмес, өкмөт, жарандык коом жана жеке сектор менен да кызматташып келет.

Кызматташуунун башкы максаттары – мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, экономикалык өсүшкө кол кабыш кылуу жана саламаттык сактоо менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү.

pasted image 0 Фактчек: "Вечерка" менен бир катар басылмалар маалыматты бурмалоодо

Бул уюм парламенттин, сот системасынын жана министрликтер менен ведомстволордун өнүгүшүнө каражат бөлүп келет. Андан тышкары USAID экономиканы алдыга жылдырууга көмөк кылуу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлор кызматташат.

Төмөндө USAID уюму Кыргызстанга көрсөткөн финансылык жардамдарынын аз гана бөлүгү:

Демек, биз жогоруда көргөндөй USAID финансылык жардамды биринчи кезекте мамлекетке көрсөтөт. Бирок, бул тууралуу провокациялык материалда айтылбайт. Ал эми ЖМКны каржылоо иштери – каалаган медиа уюму катыша ала турган сынактын натыйжасында жүргүзүлөт. Бурмаланган маалыматты таратып жаткан автор максаттуу түрдө башкы душман катары атайын сынактардан өтүп, тандалган, көз карандысыз ЖМКларды жана грант берген USAID уюмун мээлеп алган.

Жыйынтык: маалымат аркылуу манипуляциялоо, дезинформация жана душманды шайтанга айлантуу.

Дезинформация – маалыматты толук эмес берүү же зарыл болбой калган маалыматты берүү менен чаташтыруу, контекстти бурмалоо, аудиторияны манипуляторго керектүү аракеттерге үндөө үчүн маалыматтын бир бөлүгүн бурмалоо. Булак Коул, 1998,  210-312 б.

Душманды шайтанга айлантуу – жалган же текшерилбеген айыптоолорду колдонуу менен каршылашын «адамгерчиликсиз», адепсиз, ырайымсыз ж.б. кылып көрсөтүү.  

  •  “Батышчыл ЖМКлардын көбү (грант алгандар буга чейин аталгандар эле) NED – Демократияны колдоо улуттук фондунун гранттарында да отурушат.

2022-жылдын февралында Демократияны колдоо улуттук фонду (NED) өзүнүн сайтында былтыр 2021-жылы кайсы уюмдарга каражат бөлгөнү тууралуу отчетун жайгаштырган.

3r2 Фактчек: "Вечерка" менен бир катар басылмалар маалыматты бурмалоодо

Бул тизмеде медиа уюмдарынын арасынан бейөкмөт башка уюмдарын да жолуктурууга болот. Алар Эл аралык республикалык институту, Эл аралык мамилелердин улуттук демократиялык институту (NDI), Коомдук анализ институту, «Адилет» укуктук клиникасы, “Саясий-укуктук изилдөө борбору коомдук бирикмеси” жана башкалары. Ар бир аталган уюмдун алдында каражат кандай максатка жумшалары жазылган.

Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттары гранттарды түрдүү дебаттарды уюштуруу, окуяны болгон жеринен түз эфирде көрсөтүү жана журналисттик иликтөөлөрдү аткаруу сыяктуу сапаттуу журналисттик материалдарды даярдоого алышат. Андан сырткары долбоорлордун максаттары катары журналисттерди үйрөтүү, насаатчылык кылуу, консультация өңдүү аракеттер көрсөтүлгөн. Бирок, автор бул тууралуу да эч нерсе жазган эмес.

Жыйынтык: Маалымат аркылуу манипуляциялоо, дезинформация жана душманды шайтанга айлантуу.

3. “Эске салсак, Демократияны колдоо улуттук фонду өз убагында Советтер Союзуна каршы иштеп, талкалоого багытталган аппараттын негизги элементи болгон”.   

NED – Ишмердүүлүгү бүткүл дүйнө боюнча демократиялык институттардын өнүгүшүнө жана бекемделишине багытталган жеке бейөкмөт уюму. Жыл сайын NED фонду чет жерлерде демократиялык максаттарга жетүү үчүн иштеген бейөкмөт уюмдарынын (90дон ашуун өлкөдө иштеген) долбоорлоруна миңдеген гранттарды берип келет. Максаты – көз карандысыз ММКлардын өнүгүшүнө шарт түзүү.

NED тарабынан жылына жарыяланган ачык гранттык сынактарга бардык ММКлар менен бейөкмөт уюмдары катыша алышат.

Ал эми СССРге каршы “талкалоо аппаратынын элементи” тууралуу айтсак, союздун жоюлушуна бир катар себептер жол ачкан:

  • экономиканын пландуу мүнөзүнөн чыккан кризис жана андан кийин жаралган элдик колдонуудагы көптөгөн товарлардын дефицити;
    • жашоо деңгээлинин төмөндөшү;
    • азык-түлүктү камсыздоодогу үзгүлтүккө нааразы болгон калк;
    • улуттук кайчы пикирлердин курчуп кетиши;
    • борбордук бийликтин алсырашы;
    • советтик коомдун авторитардык мүнөзү жана майышпас цензура;

Белгилей кетсек, Кыргызстандын качкын президенттери да бийликтен кулашына көз карандысыз ММКларды айыпташкан.

Жыйынтык: маалымат аркылуу манипуляция, жоопкерчиликти оодаруу.

Жоопкерчиликти оодаруу – жоопкерчиликти бир адамга же белгилүү бир топко өткөрүп берүү, ошону менен күнөөнү чыныгы күнөөлүүлөрдөн алып салуу жана / же көйгөйдү чечүү муктаждыгынан буруу. Булак – Коул, 1998, 210-312б.

Жыйынтык: “Вечерний Бишкек”, Stanradar.com, Sayasat.kg, Nazarnews.org жана “Акыркы Кабарлар-Санжар Калматай” жана КалемПир ТВ АКШ тууралуу окшош материалды жайгаштырып, манипуляциянын бир нече түрүн колдонгон. Буга чейин журналисттер аныктагандай аталган ресурстар жалган айтып, маалымат менен манипуляцияга барып жүргөн.