Бишкекте жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран билдирди.
Анын айтымында, өрт бүгүн, 13-декабрда саат 8:30дар чамасында Малдыбаев көчөсүндө (И.Ахунбаева көчөсүнө жакын) турган унаада чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.
