Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.
«Бир дагы күнөөбүздү далилдей алышкан жок»,-деди Эрлан Бекчоро.
23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.