«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси алмашты

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал мындан аркы ишин Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы кеңсесинде улантат.

Бакыт Асанов «Азаттыкка» 2011-жылы октябрда келген. Ал медиа уюмдун Бишкек кеңсесинде кабарчы болуп иштеген жана соңку кездери «Эксперттер талдайт» берүүсүн алып барып жаткан.

Булак: Азаттык.