
Кыргызстандагы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Бишкекте аял режиссерлор тарткан тасмалардын жумалыгы өтүүдө.
Жумалык 5-декабрда башталып, 8-декабрда жыйынтыкталат. Анын алкагында Улуттук тарых музейинин залында 8-декабрга чейин күн сайын саат 16:00-18:00 аралыгында аял режиссерлордун тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө.
Бул иш-чара аялдар кинематографын жана кино коомчулугун колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.