
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 3-декабрь күнү франчайзинг боюнча форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара BIZ Franchise консалтинг компаниясы тарабынан министрликтин колдоосу менен өткөрүлөт.
«BIZ Franchise – франчайзинг чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин көрсөтүп — франчайзингдерди иштеп чыгуу/пакеттөө/сатуу/колдоону көрсөткөн Кыргызстандагы биринчи консалтинг компаниясы. BIZ Franchise миссиясы Борбор Азияда франчайзинг маданиятын өнүктүрүү болуп саналат. Анын негизги максаты — ийгиликтүү компанияларга франчайзинг бизнесин кеңейтүүгө жардам берүү болуп эсептелинет», — деп билдирет министрлик