Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө ишканасынын мастери асынган абалда табылды. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Ал эми милициянын маалыматы боюнча, 26-ноябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек— Ош унаа жолунун 129-чакырымында суицид фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Жерине тергөө кызматынын кызматкелери барып, №9 жол тейлөө имаратынан асынып каза болгон жигиттин жансыз денесин табышкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал С.М.экени аныкталган. Жигит 2020-жылдан бери №9 ЖТИнин кызматкери болуп иштеп келгендиги белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Жайыл РИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун денесин кароодо мойнундагы изден башка жаракаттар табылган эмес.