2023-жылы бизнести текшерүүгө мараторий кирди

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылат.

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдарынын, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын өз пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргүзүлгөн, текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген текшерүүлөр кызматтык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандык катары каралат жана кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет деп белгиленет.

Анын максаттары толугу менен шилтемеде.