“Суу кургабайт”: Президент Кемпир-Абад суусу тууралуу пикирин билдирди

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу сөз сүйлөп жатып, чек араны чечүүдө туура жолдо баратканын ишенимдүү айтты.

Ал Өзбекстан тарапка жер берилбегенин, тескерисинче, мурдагы бийлик берип жиберген жерлерди кайра кайтарып жатканын билдирди.

«Бүгүн тарыхый күн, кыргыз-өзбек чек арасына чекит кое турган күн. Фактылар, тарыхый архивдик документтер менен Камчыбек Кыдыршаевич далидеп берди, бизге дагы кандай далилдер керек? Биз бүгүн эң туура кадам жасап, туура чечим кабыл алып жатабыз, буга тарых баасын берет. Түшүнбөгөн кишиге деле түшунүктүү болду деп ойлойм.

«Кемпир-Абад кетип жатат» деп ызы-чуу кылып жаткандарга жооп берип коеюн. «Суу кургап кетсе Өзгөн элине жер калсын» деп жатасыздар, биринчиден суу кургабайт. Макул, суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең башка жерден жер берип алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың же шалы эге албайсың. Кыйкыргычтар “Өзбекстанга башка жерден жер берип суунун алдындагы жерди алып бергиле” дешет. Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт.

Ошондуктан 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз болсо дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. Бүгүн ушундай алмашуу кылалы чек аралаш жерден 4000 га айдоо жерди берели суу кургап кетсе суунун алдындагы жер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени суу 100-200 жыл, керек болсо дагы бир нече кылым жатарын билишет алар. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп макул болушат. Ошондуктан өзгөндүк туугандар шашпай тургула. Ошол суу астындагы жерди бир, 10 же 100 жылдан кийин алмашып алабыз. Ага чейин өзүбүз иштетип туралы”, — деди Жапаров.

YouTube video