«Бурж-Халифа» Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду — видео

Дубай шаарындагы эң бийик «Бурж Халифа» имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду.

«Президент Садыр Жапаровдун сапарынын урматына Дубай шаарындагы эң бийик Бурж-Халифа имараты Кыргызстандын туусунун түсүнө боёлду», — деп жазды президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.