Өкмөт күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярбы? Бишкек ЖЭБинде көмүр жетиштүүбү?

Жыл сайын күзгү-кышкы жылуулук сезону башталары менен өлкө кыш мезгилине даярбы, көмүрдүн баасы кандай болот, Бишкек ЖЭБи калкты өз убагында электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздай алабы деген түйшүктүү суроолор жаралып келет. Bulak.kg элди ойлондурган дал ушул маселелер боюнча тийиштүү мекемелерден маалымат топтоп, азыркы учурда арзан көмүрдү кайдан сатып алса болорун аныктады.

Жийде Зоотбекова – “Кыргыз көмүр” ишканасынын маалымат катчысы:

“Учурда Кара-Кече кенинде көмүрдүн тоннасы Монополияга каршы мамлекеттик кызматы коюп берген 1450 сомдон сатылып жатат. Жакын арада ал коюлган баанын кымбатташы же арзандашы күтүлбөйт. Көмүрдү аталган баада сатып алып ташыган айдоочулар өздөрү каалаган региондордогу кампаларга сатса, өз кезегинде кампалар элге сатууда.

Көмүрдүн баасын “Кыргыз көмүр” ишканасы жөнгө сала албагандыктан азыркы коюлуп жаткан баалар тууралуу айта албайт. Аны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.

Бирок, Бишкек шаарында бүгүн, 1-ноябрдан баштап көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатылат. Бул иш чара “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулууда. Белгилей кетсек, ар бир сатып алуучу 2 тоннадан ашык көмүр ала албайт. Тургундарга бир тегиз жетүүсү үчүн ушул ыкмада эртең мененки 09:00 дөн кечке чейин төмөнкү даректерде сатыла баштады:


1.Мурманский 126,
2.Айланып өтүү жолу/Алмат-Ата көч. менен кесилишет;
3.Айланып өтүү жолу/Киргизская көч. менен кесилишет;
4.Достоевский көч. 97к.

Арзан көмүр саткан жерлерде ушундай кызыл түстөгү баннерде жазуу турат.

5555 Өкмөт күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярбы? Бишкек ЖЭБинде көмүр жетиштүүбү?

Кара-Кечеде бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине жана калкка көмүр берилип жатат. Күн сууктаганынан улам, келген көмүр дароо сатылып кетүүдө. Күн сайын Кара-Кечеде 400 миңден ашык тонна көмүр чыгарылып, кечке маал кампаларга жетип, элдер алышууда. Ошол эле учурда баалары кымбат болуп жатканын байкасак болот. Мына ушундан улам биз көмүрдү арзан баада алуучу чекиттерди ачтык.

Бишкектеги Жылуулук электр борборуна көмүрдү график боюнча жеткирип жатабыз. Күзгү-кышкы жылуулук сезонунун акыркы март айына чейин ташып турууга милдеттүүбүз, көмүрдүн тартыштыгы жок”.

Эске салсак, Нарын облусунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кени өлкөнүн түндүгүн гана камсыздайт, ал эми түштүгүн шахтада көмүр казып иштеткен жеке ишканалар камсыздап келишет. Түштүк региондордо да жыл сайын кара алтындын баасы калк үчүн кымбат болуп келет”.   

Тагжана Айдаралиева – “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы:

“Азыркы күндө Бишкек ЖЭБинин көмүр кампаларында 250 миң тоннадан ашык көмүр бар. Көмүрдүн бардык көлөмү бир убакта келип түшпөйт. Ташып келүү иши өзүнүн тиешелүү графиги боюнча жүргүзүлүп, 2023-жылдын май айында аягына чыгат.

Ай сайын, жума сайын акырындан көмүр келип жатат. Анткени бир эле убакта мынча чоң көлөмдө ташып келүү мүмкүн эмес.  

Күзгү-кышкы жылуулук сезонуна көмүр жетиштүү, андан тышкары мазуттун запасы да бар. Ошондой эле, газды алып келүү боюнча келишим да бар. Өкмөттүн Токтомуна ылайык, бул сезонго 1.5 млн. тонна көмүр сарпталары келишим менен бекитилген. Бир суткада Бишкек ЖЭБинде 4-7 миң тонна көмүр керектелет.

Коңшу өлкө Казакстандан кошумча көмүр ташып келинип жатканынын себеби Кыргызстанда көмүрдүн тартыштыгы эмес. ЖЭБдин айрым казандары көмүрдүн башка маркасы менен иштегендиктен мындай жагдай жаралган. Бул максатта Казакстандагы Каражыра кенинен 400 миң тонна көмүр алып келүү келишими түзүлгөн. Бул сезондо ЖЭБде көмүрдүн тартыштыгы болбойт”.

Бектеналы Эгемберди уулу –  Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин өкүлү:

“Биздин орто мөөнөттүк тарифтик саясат боюнча тарифтеги өзгөрүүлөр кийинки жылдын 1-июнунан баштап жүргүзүлөт. Азыркы күзгү-кышкы жылуулук мезгилинде тарифтер эч кандай өзгөртүлбөйт.

Учурдагы калк үчүн болгон электр энергиясынын тарифтери боюнча айтсак, 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын болсо, андан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан эсептелет. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат”.

Эске салсак, башка керектөөчүлөр үчүн:

– жылуулук энергиясы – 1 802 сом/Гкал;

– ысык суу менен камсыздоо – 1 802 сом/Гкалды түзөт.

Айпери Жусупбекова – Монополияга каршы жөнгө салуучу башкармалыктын адиси:

“Өлкө боюнча бүткүл рынокто сатылып жаткан көмүр кампаларына мониторинг жүргүзүлүп, бааларына анализ жасалган соң, Экономика министрлигине жөнөтүлгөн. Бул сезонго кайсы бааны коюу керек экендиги азырынча Министрлер кабинети тарабынан кабыл алына элек.  

Жыл сайын күзгу-кышкы жылуулук сезонуна карата октябрь-ноябрь айларында көмүр баасы монополияга каршы кызмат тарабынан бекитилип козөмөлгө алынат. Учурда так бир баа коюла электигине байланыштуу Кыргызстандын бардык региондорунда ар кандай баада сатылып жатат. Жакын арада маселе чечилип калышы керек».

Мониторингдин негизинде өлкөдө көмүр түрлөрү кандай баада сатылып жатканын Монополияга каршы мамлекеттик кызматы айта албай, маалымат берүүдөн баш тартты.

Bulak.kg ар кайсы булактардан тактап, учурда Бишкекте калк үчүн болгон Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы жеткирип берүүсү менен кошо 5800 сомдун тегерегинде болсо, Шабыркүл көмүрүнүн баасы болжолу менен 6000 сомдун айланасында экенине ынанды.