Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишим долбоору тууралуу пикирин билдирди.
«Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы аймактык талаш-тартышты жөнгө салууда Кыргызстан үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат, аны колдон чыгарбаш керек.
Албетте, жеке кызыкчылыктан эмес, республиканын кызыкчылыгынан алып караганда, мен Кыргызстандын жетекчилигин Өзбекстан менен чек араны тактоодогу бул келишими үчүн колдойм.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо маселесин мамлекеттик кызыкчылыктардын алкагында кароо зарыл.
Биринчиден, акыл-эстүү адамдардын баары Өзбекстандын учурдагы лидери чек арадагы талаштуу маселелерди акыйкаттык менен чечип, коңшу өлкөлөр менен достук мамилени чыңдоону чын дилинен кааларын көрүп турушат. Буга байланыштуу президент Ш.Мирзиеев Кыргызстандын оппозициясынын негативдүү билдирүүлөрүнө абдан ийкемдүү жана чыдамдуу болуп жатат.
Экинчиден, мен талаштуу аймактарды чечүү боюнча саясий-дипломатиялык ыкма талап кылгандай татыктуу компромисске келип, эки тарап тең мында бири бирине жол бошотууга барышаарын сезип турам. Тарых бул маселеде бир тараптуу жеңиш жалгыз гана аскердик күч колдонуу менен ишке ашаарын тастыктаган. Карап көрүңүздөр, келишим боюнча Өзбекстан олуттуу жол бошотууга барууда: Кыргызстанга 20 миң гектар жер берилет. Өзбекстанга 4,5 миң гектардай жер калды, анын арасында Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер дагы бар. Суу сактагычты келечекте эки өлкө биргелешип башкара турган болушту, буга чейин ал бир гана Өзбекстандын көзөмөлүндө болчу.
Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө өлкөнүн жетекчилигин Өзбекстан менен чек ара боюнча келишими үчүн колдоо зарыл. Анткени, чек ара маселеси боюнча Тажикстан жалгыз фронт болуп калышы керек, мында Кыргызстанды бир топ татаал кырдаал күтүп турат.
Конфликт тереңдебешине кепилдик жок, муну дайыма эске алуу керек. Акыркы окуя, андагы курмандыктар буга далил. Эгер Кыргызстан бир убакта эки фронтто каршылашса, анда биз экөөсүнөн тең утулуп калышыбыз мүмкүн. Бул өлкө кызыкчылыгына жооп берчү нерсе. Аны түшүнбөө келесоолукка барабар.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча консенсуска келүү мисалы, Өзбекстан менен талаштуу маселелерди картаны пайдалануу менен биргеликте чечүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деди Аскар Акаев.