
Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келген активист Илгиз Шаменов бүгүн, 29-октябрда эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун чечими менен ал 20-октябрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.
Шаменов билдиргендей, ага «массалык башаламандыктарга даярдык көрүү» беренеси боюнча иш козголгон.
Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов Москвада 27-октябрда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген