Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрь күнү анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо мыйзамына таянып “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга жаап койду.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сайтты убактылуу жабуу чечими “Настоящее время” (RFE/RL Радио Эркин Европа/Радио Эркиндик тарабынан түзүлгөн телеканал) булагында “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгышалуулар | АЗИЯ” деген аталыштагы видеоматериалдын жүктөлүшүнө байланыштуу болду.
“Бул чара өлкөнүн маалымат мейкиндигиндеги анык эмес, КРнын улуттук кызыкчылыгына каршы келген материалдарга (2022-жылдын 14-17 сентябрдагы окуялар) байланыштуу көрүлдү.
“Материалдын эфиринде кастык тили колдонулуп, кыргыз тараптын Тажикстанга кол салганы тууралуу такталбаган маалымат жарыяланган. Баткен облусундагы окуяны чагылдырууда кастыкты жаратуу менен коомдогу кырдаалды курчуткан, жек көрүүнү, басмырлоону жана бөлүнүүнү жараткан маалыматтар болгон”, – деп билдиришти мекемеде.
Анык эмес маалымат деген эмне?
Фейктер тууралуу мыйзамда анын так аныктамасы бар: “анык эмес (жалган) маалымат – Интернет тармагында же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат”.
Анда бул жерде “кастык маанайдагы тилдин, басмырлоонун жана улуттук кызыкчылыктын” кандай тиешеси бар?
Эч кандай. Фейктер тууралуу мыйзам “башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген” анык эмес маалымат менен гана күрөшөт. А бул жерде андай адам жок.
Фейктер тууралуу мыйзамда “КРнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келүү”, “кастык тил”, “абалды курчтуу”, “жек көрүү”, “басмырлоо” деген түшүнүктөр да жок.
“Аталган учурда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдонууга негиз жок”, – дейт Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушев. – Бул мыйзам адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматты гана жөнгө салат”.
Эгер репортажда басмырлоонун кайсы бир элементтери бар болсо укук коргоо органдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) кылмыш ишин козгоп, расмий экспертизаны жүргүзө алат. Бирок сайтты жаба алышпайт.
Арызданган тарап болду беле?
Маданият министрлиги анык эмес маалыматты алып салууну талап кылып, кийин сайт макул болбосо аны бөгөттөп салыш үчүн материалга арызданган тарап (физикалык же юридикалык жак) сөзсүз болушу керек.
“Азаттык Медианын” Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева билдиргендей, арызданган тарап болгон эмес.
Демек, Маданият министрлиги өзү “Азаттыкка” репортажды алып салуу талабы менен кайрылган, кийин терс жоопту уккан соң, сайтты бөгөттөп салган.
Жыйынтыктай турган болсок, юристтердин билдирүүлөрүндө Фейктер тууралуу мыйзамдын алкагында бул материалды караштыруу мүмкүн эмес. Ошондой эле бул мыйзамды колдонууда процессуалдык бузуулар болгон. Демек “Азаттык Медианы” бөгөттөөнүн мыйзамдуулугу чоң суроолорду жаратат.
Семетей Аманбеков.