
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.
Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Европа Биримдиги” лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

