Бийлик “Кактус” жана “Клоп” маалымат агенттиктерине да бөгөт коебу?

Кийинки жумада бийлик органдары “Кактус” жана “Клоп” маалымат агенттиктерине да бөгөт коёт. Бул тууралуу Bulak.kg редакторлоруна өздүк булактары билдирди.

Мындан тышкары, бул маалымат социалдык тармактарда өкмөттү жактаган барактарда пайда болгон.

Буга чейин депутат Дастан Бекешов кесиптеши Надира Нарматова аталган маалымат агенттиктердин ишмердүүлүгүн токтотуу максатында кол топтоп жатканын айткан, бирок ал аны моюнуна алган эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин Маалымат министрлиги “Азаттык медиа” басылмасын эки айга ишмердүүлүгүн токтоткон.

cea326df b2cf 47de b9eb f1b5c5cbbfbf Бийлик "Кактус" жана "Клоп" маалымат агенттиктерине да бөгөт коебу?