Кыргызстанда келерки 2022-2023-окуу жылынан баштап 7-класстын окуучуларына медиасабаттуулук окутула баштайт. Европа Биримдиги тарабынан сунушталып бекиген программага ылайык, кийинки окуу жылына чейин тарых, адам жана коом сабактарынан окуткан мугалимдердин 30 пайызы медиасабаттуулукту өздөштүрүүсү керек.
Bulak.kg бул тууралуу кененирээк маалыматты адистерден сурап билди.
2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫНДА 7-класста ОКУГАНДАР МЕДИАСАБАТТУУЛУККА ОКУЙ БАШТАЙТ
Гүлмира Артыкбаева – Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун инновациялык технологиялар борборунун башчысы:
«Медиасабаттуулук боюнча учурда мугалимдер окуп, квалификациясын жогорулатууда. Ал эми окуучуларды окутуу азырынча баштала элек. Быйылкы 2022-2023-жылдык окуу планында 7-класстарга медиасабаттуулук кирбегени менен, мамлекеттик стандартка кирген. 2021-жылы мугалимдердин МКК (маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүк) сабаттуулугуна квалификациялык талаптар бекитилип, анда окутуучулардын медиасабаттуулугуна талаптар коюлган.
Бүгүнкү күндө мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу институту агартуучулардын квалификациясын жогорулатуу менен алек болуп жатат. Алар даяр болуп 2022-2023-окуу жылында балдарды окута башташат.
Бул максаттарга жетүү үчүн азыр биз 100гө жакын тренерлерди окутуп жатабыз. Кыргызстандын ар бир районунда тарых, адам жана коом предметтеринин мугалимдеринин методикалык бирикмеси бар. Ал бирикмелердеги чебер, тажрыйбалуу, китеп жана стандарт жазган мугалимдер тандалып алынган. Алар окуусун аяктаганда өлкөдөгү калган 1200 мугалимди (Тарых, адам жана коом мугалимдеринин 30 пайызы) окута башташат.
Ар бир райондон мугалимдерди алуу иштери, ошол райондогу окутуучулардын санына жараша жүргөн. Анткени, Европа Биримдиги койгон план боюнча тарых, адам жана коом сабактарынын мугалимдеринин 30 пайызы 2023-2024-жылы окутулуп бүтүшү керек.
Бул программа Европа Биримдиги тарабынан 2021-жылы сунушталып, 2022-жылы Өкмөттүн буйругу менен келишимге кол коюлуп бекитилген.
Медиасабаттуулуктун мааниси – бул функционалдык сабаттуулуктун бир түрү. Бала маалымат алып жатканда бир эле окуя боюнча түрдүү булактардан түрдүү кабарларды угат. Демек, медиасабаттуулук окуучуларга кайсы булакка ишенсе болорун, фактылардын тактыгын же бурмаланганын көрсөтүүчү билим болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө 50гө жакын мугалим окутулуп, эң башкы маселе – алган билимди методикалык жагынан балдарга кантип бериш керек деген суроо болуп жатат. Окуучулардын медиасабаттуулугун арттыруу планында мына ушундай тапшырма турат.
Медиасабаттуулук жалаң 7-класстарга эле эмес, 5-класстан 11-класска чейин калыптандырылышы керек. 7-класстарга талап коюлганы болгону базистик окуу планында адам жана коом сабагы кирген эмес. 2022-2023-жылдан баштап ошол сабак кирет, китеп чыгып окуу куралы даяр болуп стандарт жазылат. Аталган сабактардан берген жалгыз эле мугалим 5тен 11ге чейинки класстарга жалгыз эле билим берет.
Европа Биримдиги койгон талаптар менен критерийлер аткарылса, 2026-жылга чейин Кыргызстандын бюджети жыл сайын 1 млн еврого толукталып турат».
Марат Токоев – медиаэксперт: Медиасабаттулук балдарды ак-караны ажыратууга үйрөтөт
«Медиасабаттулук керек экенин биз илгертен бери эле айтып келе жатабыз. Азыркы жасалып жаткан иш билим берүү тармагында чоң өзгөртүүлөрдү алып келиши керек. Учурда интернеттин өнүгүшү менен жалган, такталбаган маалыматтар көп тарап жатат. Түрдүү булактарда тараган каалагандай эле маалыматка ишенип, чечим чыгарып жүргөндөр арбын. Демек, чоң кишилерди медиасабаттуулукка окутуу кыйыныраак болуп жаткандыктан, мектептеги бала кезден ак-караны ажыратканды үйрөтсөк эң туура болот. Мындай аракеттердин жасалып жатканы, окуу планына кирип жатканы жакшы жышаан, эми аны кандай деңгээлде ишке ашырышат ошол кызык болуп жатат.
Көптөгөн мамлекеттерде маалыматты иргеп алууга балдарды мектептен баштап үйрөтүшөт. Медиасабаттуулук деп атабаса да анын элементтерин камтып үйрөтүшөт. Ал эми Советтер Союзу маалында бизде мындай муктаждык жок эле. Анткени, медиада маалымат чыккыча 4-5 колдон өтүп, текшерип, такталгандан кийин жарык көрчү. Азыркы заманда ар бир эле адам маалымат таратып, чындыкка туура келбеген, анык эмес, пропагандалык мүнөздөгү маалыматтар жарык көрүп жатат. Демек, медиасабаттуулук аркылуу көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылууга жол ачылат».
МЕДИАСАБАТТУУЛУК БАЛДАРДЫН ИНСАНДЫК КАЛЫПТАНУУСУНА КЕРЕК ЖӨНДӨМ
Азиза Модолбаева – “Келечектеги Лидерлер Мектеби” долбоорунун жетекчиси:
«Азыркы санариптик технологиялык заманыбызда медиасабаттуулук эң керектүү жөндөм деп айта алам. Интернетте, медиаресурстарда тарап жаткан түрдүү маңыздагы маалыматтарды талдай билип, аны түшүнүү чыныгы сабаттуулук деп билем. Бул тармакта иш алып баруу балдардын маалыматтык коопсуздугун сактоого жардам бермек. Себеби, жаш балдарыбыз интернет тармагында туура эмес сайтка же тайпаларга туш болуп, өздөрүнүн өнүгүүсүнө залалын тийгизип алышы ыктымал.
Медиасабаттуулук окуучуларга медиамейкиндикте туура багытты алып, кайсы ресурстарга ишенсе болорун жана кайсыларына ишенүүгө болбой турганын ачып көрсөтүп берет. Ошондой эле, менимче интернетке байланып калуудан, кибербуллингден (интернет желесинде коркутуп-үркүтүү) сактоочу функицялары да бар.
Интернет ресурстарын колдонуудагы сабатсыздык балдар үчүн эң кооптуу көрүнүш. Алардын инсан катары туура калыптанышына өзүнүн терс таасирин сөзсүз берип коет. Буга байланыштуу интернет желесинен өзүнө керектүү маалыматка издөө коюп, туура табуу жолдорун билүү замандын талабы.
Чет элдик билим берүүдөн мисал келтирип айтсак, балдар университетти тандоо маалына жеткенде алар китепканага же тегерегиндеги жакындарына кайрылбастан, интернеттен издей башташат. Университеттердин тизмесин түзүп жатканда бала интернет желесинде чоң изилдөө ишин жасап, тигил же бул Жогорку окуу жайы тууралуу маалыматтарды топтойт. Демек, медиасабаттуулук ушул жөндөмдөргө үйрөтүп, маселелерди таразалап чечүүгө көндүрөт.
Андан сырткары балдар авторлордун кимисине ишенип кимисинен баш тартуу керек экенин түшүнүп, түрдүү капкандарга түшпөй, окуп жаткан маалыматка туура баа бере алышат. Ошондой эле, медиасабаттуулук окуучуларга өз контенттерин жаратууга жардам берип, керектүү ресурстарды алууга жол ачары шексиз».