
Чет элдик төрт жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүп бара жаткан жеринен кармалганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдиргенин КазТаг жазып чыкты.
«22-октябрда «Жасоркен» чек ара бөлүмүнүн аймагында УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен УКМКнын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында чек ара тилкесин бузган төрт чет элдик жаранды кармашкан. Алар Кыргызстандан Казакстанстандын мамлекеттик чек араны өтүп бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан билдиришкендей, бул факты боюнча компетенттүү органдар тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бирок, чек араны мыйзамсыз кечип өткөндөр кайсы өлкөнүн жарандары экени маалымдалган жок.