Депутат: «Эл аялдарды камаш керек беле?» деп сурап жатышат

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана ага каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин өкүлдөрүнө суроо салды.

Депутаттар активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатышат.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

«Прокуратура бул иш боюнча мыйзам бузуулар болбогонун аныктады. Бардык кармоолор жана тергөө иштери мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүүдө», – деди Аширходжаев.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камалды

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.