
Лиз Трасс 20-октябрда Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады.
Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган.
Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.