ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»


Никотинге көз каранды адамдын психикасын бекем байлап, олуттуу көйгөй болуп саналат. Тамеки тартуу көз карандылыкка алып келет. Тамеки чеккендер никотинге тез көнүп кетишет, бул кайра-кайра тамеки тартууга болгон күчтүү муктаждыкты шарттайт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) статистикасына ылайык, жыл сайын тамеки тартууга байланыштуу оорулардан 8 миллион адам көз жумат.

WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.06 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»


“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине тиешелүү брошюралар, эскертүүлөр, буклеттер жана стикерлер берилди.

WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.07 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»


Аталган маалыматтык адабият Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишинин ыңгайлуулугу үчүн КР ИИМдин Медициналык башкармалыгы тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте даярдалган.
Таркатма материалдарда жарандардын ден-соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо жөнүндө КР Мыйзамы жана жарандардын укуктарын жана талаптарын жөнгө салуучу негизги беренелер камтылган маалыматтар көрсөтүлгөн.
Бул демилге ИИМдин кызматкерлерине жарандардын курчап турган тамеки түтүнүнөн жана тамеки заттарынан, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарынан жана электрондук никотин жеткирүү системаларынын заттарынан эркин абага болгон укуктарын ишке ашырууга жардам берет.
Негизги максат, тамеки жана никотинди колдонуу менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн андан ары төмөндөшү менен тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүн керектөөнү алдын алуу жана азайтуу болуп саналат.
Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы ар кандай тамеки чегүүнүн зыяны бардык тамеки тарткандар үчүн бирдей экендигин эскертет. Тамеки тарткандан тышкары, айланадагылар да жабыркашат – пассивдүү тамеки чеккендер. Тамеки тартуу жүрөккө жана кан айланууга зыян келтирет, жүрөктүн ишемиялык оорусуна, инсультка, перифериялык кан тамыр ооруларына жана мээ кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун жогорулатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.08 1 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»
WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.08 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»

WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.08 2 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»
WhatsApp Image 2022 10 21 at 09.46.07 1 ИИМ: «Тамеки чегүү ден соолукка зыян!»