Баткенге АКШнын аскерлери эмнеге келишкени анык болду

АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер Ош жана Баткен облустарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов парламенттин 20-октябрындагы жыйынында билдирди.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматын окуп берди, анда Роберт Анжердин иш сапары 16-октябрдан 18-октябрга чейин созулган. Бул аралыкта АКШ өкүлү Баткен облусуна барып, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов менен жолугушкан.

«Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык тарап кыргыз-тажик чек арасындагы абал, министрликтин иши, ошондой эле адамдар убактылуу жайгаштырылган жай менен таанышты. Биз өз кезегибизде Роберт Анжерге ата мекендик куткаруучуларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого кызыкдар экенибизди, ошондой эле Кыргызстандын өрткө каршы жана куткаруу кызматы АКШ менен 30 жылдан бери кызматташып келе жаткандыгы тууралуу кабарладык. Анын ичинде жер титирөөдөн кийинки кесепеттерди жоюу боюнча иштер бар.  Бул аскердик кызматташуу эмес ”, — деп айтылат расмий жоопто.

Эске салсак, парламенттин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанга АКШдан аскерий делегация келгенин билдирген. Ал коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн кырдаалды эске алганда, бул ойго келбеген мыйзам бузуу экенин айткан.

«Биз ЖККУга мүчөбүз. Жакында уюмдун Санкт-Петербургда жыйыны болот. Бизде АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча келишим жок, мындай маселе парламентте дагы каралган эмес”, — деген Мадумаров.