Өзгөндөгү курултайда СССРдин тушунда кол коюлган документтер эске алынды

Бүгүн Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы кырдаал боюнча курултай өтүп жатат.

Активист Абдулла Авазов Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстанга тиешелүү экенин СССР убагында кол коюлган документтер тастыктап жатканын билдирди.

“1965-жылдагы келишим боюнча Кемпир-Абад суу сактагычын курууга жер бөлүнгөн. Анда “жерди Өзбекстанга бергиле” деп айтылбайт. Болгону “алып салуу” деген сөз бар. Бул биздин жер. 1975-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Ахматбек Сүйүмбаев токтомго кол койгон, ага ылайык өзбек тарап суу сактагычты куруу боюнча өзүнүн милдеттенмесин аткарбай койгондугун эске алып, Өзбекстанга берилген жерлер бизге берилген. Эгерде бул документ жок болсо, анда соодалашууга болот эле. Бирок бул жер талаш эмес”, – дейт Абдулла Авазов.

Активист чек ара маселелерин делимитациялоо жана демаркациялоо жагынан чечүү УКМКнын эмес, Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктарында экенин кошумчалады.

“Камчыбек Ташиев чек ара сызыгын тактабай, бекемдеп гана коюшу керек. Башка талаштуу жерлер бар – Уңгар-Тоо, Гавасай, бирок Кемпир-Абад эмес. Ташиев уттук дейт, а биз кайдан уттук? Эмнеде? Ахматбек Сүйүмбаевдин аркасы менен Кемпир-Абад суу сактагычы биздики”, – деп кошумчалады Абдулла Авазов.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпысынан Кемпир-Абад суу сактагычынын акваториясы Кыргызстанга 19 миң гектардан ашык, Өзбекстанга 4 миң 485 гектар жер калганын, бирок эки өлкө биргелешип башкараарын билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычы (Өзбекстанда Анжиян деп аталат) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Анжиян облусунун кошулган жеринде жайгашкан. Ал 1983-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулган.

1973-жылы Өзбекстан компенсация катары Кыргызстанга 4100 гектар жер берген.

Кемпир-Абадга Тар, Кара-Кулжа, Кара-Дарыя дарыялары куят. Суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү. Анын аянты 4400 гектарды түзөт. Максималдуу толтуруу көлөмү 1,9 куб километрди түзөт. Кезинде Өзбекстанга ижарага берилген. Фергана каналынын суулары Кемпир-Абад суу сактагычынан башталып, Кыргыз Республикасынын Араван району аркылуу Өзбекстан Республикасына кирет.