Бүгүн, 13-октябрда милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун айкелин салтанаттуу ачуу аземи төрөлүп өскөн Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Өрүктү айылында болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максат Сарбагышев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Джумагазиев, Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, Жапар Шабировдун туугандары, чогуу иштешкен кесиптештери, коомчулуктун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Салтанатта сөз алган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун өмүр баянынан баштап, анын ички иштер органында басып өткөн даңктуу жолуна токтолду.
Министрдин орун басары билдиргендей, Жапар Шабиров 1920-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында туулган. Бул адам өз өмүрүн ички иштер органдарына арнап иштеп келген. 1936-жылы ал окуусун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Түп айыл-чарба техникумуна тапшырып, аны аяктагандан кийин ошол жерге окутуучу болуп иштеген.
1942-жылы Кыргызстан Компартиясынын облустук комитетинин чечими менен ички иштер органдарына иштөөгө жиберилет. Ал НКВДны Алматыдагы аймактар аралык мектебин ийгиликтүү бүтүрүп келет. Окууну бүтүрүп келээри менен Түп райондук милициясында аймактык тескөөчү болуп иштей баштаган. 1943-жылы аны кылмыш иликтөө бөлүмүнө ыкчам өкүл кылып которушат. 1946-жылы Жапар Шабировду СССРдин Москвадагы милициянын жогорку мектебинен окуп келүүгө жиберишет. Бул окуу жайын ийгиликтүү аяктап келгенден кийин, ал Ысык-Көл облустук ички иштер кызматында Бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмүн башкарган. Ушул жылдары облустагы коомдук тартипти жөнгө салууда мыкты иштерди жасап, көлдүн айланасында мыйзамдуулуктун күч алуусуна жетишип, кылмыштуулуктун тизгинин тартып, элдин тынч эмгектенүүсүнө шарт түзүп бере алган.
“Жапар Шабиров агабыз 1950-жылы ИИМдин министринин кадрлар боюнча орун басары, 1957-жылы Кыргыз ССРнин ички иштер министринин биринчи орун басары болуп кызмат өтөгөн, андан соң жергиликтүү ички иштер органдарын чыңдоо максатында 1959-жылдан 1969-жылга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеген. 1969-жылы кыргыз мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуучу, укук майданында эмгектенүүчү кадрларды даярдай турган Ички иштер министрлигинин Атайын орто мектебинин башчысы болуп дайындалган.
ИИМдин Атайын орто мектебин уюштурууда көрсөткөн демилгеси, ага сиңирген эмгеги жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Өкмөттүн 2001-жылдын 14-майындагы №230 токтому менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын орто мектебине Жапар Шабировдун ысымы ыйгарылган.
Бул окуу жайынын көп жылдык ишмердүүлүгү көргөзгөндөй, аталган окуу жай генералдын ысымын абийирдүүлүк менен алып жүрүп, ИИОнун жүздөгөн мыкты кызматкерлерин даярдап чыгарган. Мына ошол ИИМдин Атайын орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү Өмүрбек Кутуев, Садырбек Дубанаев, Абдылда Суранчиев, Бактыбек Жусубалиев сыяктуу милициянын генерал-майору деген наамга жетип, алды ички иштер министри болсо, калгандары көптөгөн жооптуу кызматтарда эмгектенип, ИИМдин ишин илгерлетип, анын бекемделишине өз салымдарын кошо алышты. Жапар Шабиров 1982-жылы 17-декабрда жаш курагы келгендигине байланыштуу ардактуу эс алууга кеткен. 1983-жылдан баштап Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп, ИИМдин коомдук иштерине активдүү катышып, ИИМдин тарых музейине материалдарды чогултууда жигердүү салымын кошкон. Кыргыз милициясынын легендарлуу генералы Жапар Шабировдун 100 жылдыгына арналган айкелинин ачылыш салтанатын жогорку денгээлде уюштурган жакын туугандарына өзгөчө терең ыраазычылык билдиремин. Бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан баарыңыздарга бекем ден соолук, майтарылгыс кайрат, жооптуу ишиңиздерде ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт таалай каалаймын. Биздин устатыбыз, агабыз Жапар Шабировдун Кыргыз милициясына сиңирген эмгеги баа жеткис, анын басып өткөн өмүр жолу, өлкөбүздөгү коомдук тартипти сактоодогу опол тоодой эмгеги ар бирибиздин эсибизде. Кыргыз милициясынын генералы Жапар Шабировдун ишмердүүлүгү менен биз баарыбыз сыймыктанабыз, агабыздан жаркын элеси муундан-муунга өтүп, келечек жаштарга үлгү болуп кала бермекчи, анын ысымы кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, түбөлүкко өчпөс болуп кала берет”,-деди өз сөзүндө Октябрь Урмамбетов.
ИИМдин Басма сөз кызматы