“Жол чырак өчүп калган”: Белгисиз кыз көчөдө жол инспекторунун ролун аткарды

Бишкектин Душанбинский жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кыз жол чырак өчүп калгандыгына байланыштуу, жол коопсуздугундагы тыгындарды болтурбоо максатында инпсектордун ролун аткарып турган видео Вulak.kg редакциясына күбөлөрдөн келди.

Эске салсак, буга чейин Боом капчыгайында селде баткак кечип жол тыгынын жөнгө салган Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалилдин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөр айтылып, кол саат тапшырылган.