
Кыргызстанга жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-октябрда Бишкекте 5 миң 700 доллар өлчөмүндөгү жасалма банкнотторду сатууга аракет кылган А.С. жана С.У. аттуу кыргыз жарандары кармалган. Алар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иш козголгон.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.