Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, – сүрөт

Президент Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды.

zn7 2731 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт

Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук “шырдак” килемдери менен таанышты.

Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштардан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү.

Этномаданий программа Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана музыка менен коштолду.

dos 2599 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2559 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2300 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2337 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2290 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2313 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт
dos 2292 Ильхам Алиев кыргыздын маданияты менен таанышты, - сүрөт