«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты

Наралы Асанбаев «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карагандатиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, Наралы Асанбаев «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.