“Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин деп буйрук бердим” – С. Жапаров

Президент Садыр Жапаров чек ара маселесинде чекит коюла электигине токтолуп, буга парламент макулдугун бериш керектигин белгиледи.

“Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди.

Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: “Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем”, – дейт өз сөзүндө мамлекет башчы Садыр Жапаров.

Кабар